буйдал

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Бир нерсеге алагды болуп кармалуу, кечеңдөө.
  2. Токтоло калуу, мукактануу, шар кетпөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

дени бар, / Бул дүйнөгө туралбай, / Буйдалбастан кеткени, / Өчөшүп улам жаңылап, / Калкандары калдаңдап, / Этектери далбаңдап, / Келе берди дардаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп Чигитей буйдалбай, / Токсон миң кошуун кытайды, / Токтотпой кайра чубатты, / Кажы-кужу кыжырап, / Калбай баары чуулашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буйдалбай пил жеткени, / Булгалап мурдун шилтеди, / Жазгыра берип чаптырбай, / Жандай түшүп эр Сыргак, / Чокуга койуп өттү эми, / Пил толгонуп болгунча, / Оролто тумшук сунгуча, / Онду койуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Канчоро, / Буйдалбай атка минди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бөлкөнү тез ташышып жиберип, буйдалбай кайра Беккулду карай зымырадым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →