буз
- Кандайдыр бир имаратты, үйдү, курулушту ж.б. кыйратуу, талкаланган, ураган абалга келтирүү.
- Айрым бөлүктөргө ажыратуу.
- Жирөө, тилүү, кесүү.
- Тоскоолдук кылуу, үзүү, бөлүндү кылуу, бөлүү.
- Башкача жытка, түскө айландыруу, кадимки калыбын, абалын өзгөртүү.
- өт. Азгыруу, тескери ишке үгүттөө, туура жолдон чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бузулбайсың ар качан, / Бириңди бириң аркадан, / Ушак айың кылбасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саламатты бузбасам, / Карайт беле Кененим, / Талана бар менде деп, / Көңүлүм ток жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет мындай ойлонуп, / Чалкып жаткан көл болуп, / Бузулуп ичи турганда, / Күн шашке кезинде, / Баскалы турган нээтинде, / Токтор менен Чайаны, / Токтолбой жетип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →