будуң-чаң

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Чакчелекей, чалды-куйду баш аламан, тополоң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чакчелекей будуң-чаң, / Болуп калат арасы, / Уссундардын жанынан, / Ушундайча кеп угуп, / Анык акыл экен деп, / Атты карап калышты, / Чапкан ат келе жатат, деп, / Аттан кабар алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чакчалекей, будуң-чаң, / Түшүп калды перилер, / Нурфануну көтөрүп, / Нурзат шааны алдына, / Учуп калды перилер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган о… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чакчелекей будуң-чаң, / Аттанды балдар баары жаш, / Жарышкан бойдон жөнөдү, / Чаң-топурак аралаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →