будурмак
- Дөңсөөчө, жондонгон будурлуу жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беш-алты күндүк төр көрүп, / Будурмак кара жер көрүп, / Албан-албан эл көрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтып турду эр Төштүк, / Артынан кебин чубатып: / — Чалкуйрук менен кеткенмин, / Эрдемсинген Мурадил, / Артынан кууп жеткенмин, / Будурмак тоонун адырда, / Жанашып жетип каапырга, / Кабылтып найза сайдырбай, / Кире берди капчалга, / Көрбөй калдым туманда, / Күндү жайлап качканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эчен артуу бел калды, / Чалкак-чалкак төр калды, / Будурмак кара тоо калды, / Бурулган эчен коо калды, / Жайылып жаткан түз калды, / Жаркыраган суу калды, / Чалкалаган бел калды, / Токойу калың чер калды, / Айланма кара…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мындан ары барарсың, / Будурмак кара тоо келер, / Бурулуп агып сел келер, / Бугусу калың жер келер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →