будала
- Уйпалай кармоо, ары-бери оонатуу.
- өт. Жок кылуу, көзүн тазалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чакыргандагысы ошол экен: Элебести аттан калпактай учурду да, жаңы жааган терең карга будалап, кечикпей узунунан салды...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кийинки жолу урганда бирөө будаланып барып оңолуп кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол замат терисин сыйрып, бир чоң чийдин түбүнө от коюп, күлгө будалап кактап жибердим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →