бошоң

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Бош, алсыз, бекем эмес, борпоң.
  2. Кайратсыз, начар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ «Такырбаш» чапса кылычын, / Байлаган торду кесет, деп, / Сейитимдин Бекбача, / Бошонуп тордон кетет, деп / Бекбача тордон кутулса, / Ишибиз болот бекер, деп, / Сегиз хан эли кырылбай, / Тирүү кантип кетет, деп, / Карасурду тепкилеп, / «Такырбашты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Кененим, / Испандын жолун жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан утур алдынан, / Саламат чыгып калыптыр, / Кененимди көргөндө, / Салам айтып салпыйып, / Бошоң тартып шалпыйып, / Учурашып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Көмүскөгө байлап кел, / Бошонуп кетип калат, деп, / Мажикти баатыр жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Чатактан бошонгон соң уйларды алдыма салып алып, күндөгүдөн алыс кеттим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Алар ал жерден эптеп амалын таап бошонуп чыгышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →