бошо
- Бош калуу, кызматтан, иштен түшүү.
- Белгилүү бир мөөнөттөгү милдеттүү кызматты өтөп бүтүү.
- Жумуш иштелип бүткөндөн кийин же белгилүү бир убакытта, арачолодо бош болуу, өз бетинче болуу.
- Идишти же башка бир нерселерди ичиндегилерден арылтуу, ичи бош же ээн болуп калуу.
- Азаюу, бошоп же абдан аз боло түшүү.
- Боштондук алуу, эркиндикке чыгуу, эзүүдөн, кулдуктан, эрксиздиктен, ж. б. кутулуу.
- Кармалып жаткан абалдан кутулуу.
- Бош, борпоң болуп калуу.
- Алы кетүү, алсыздануу.
- өт. Кайрат кылбоо, кайратсыздануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Усун менен маңгыттан, / Келген киши үч экен, / Жазган каты бул экен: / “Усундан келдик үч миң кол, / Маңгыттан келдик эки миң, / Кеңколдоку коргонду, / Бошотуп бизге бергиниң, / Кол куушуруп келгиниң, / Бекбача эле эрениң, / Бекбачадан айрылдың, / Эми, кыргыз, не дейсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадана менен Мадыбек, / Мыкты болсо Чигитей, / Бошотуп сени алсын, деп, / Мойнунан талга байлатып, / Жылаң айак, жылаң баш, / Жаш балдарга айдатып, / Карагандын барысын, / Таң калтырып жардатып, / Тигинтип келе жаткамын, / Алардын өңүн саргартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жөө күрөшүп он беши, / Муунуңду бошотот, / Жалгыз кылды жара атат, / Он беши жебе жаа тартат, / Жаның кантип жай табат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →