бош

китептерде 120 жолу, 10 китепте
  1. Ичи куру, ичинде эч нерсеси жок.
  2. Кандайдыр ишке, жумушка тартылбаган, бекер.
  3. Байланууда, кайтарууда эмес, эркин.
  4. Ээленип же менчиктелип коюлбаган.
  5. Жүксүз, жүк жүктөлбөгөн же үстүнө бир нерсе салынбаган.
  6. Ээн, эгини, бак-дарактары, үйлөрү ж. б. жок.
  7. Бошоң, бири-бирине катуу бирикпеген, катпаган, көпшөк.
  8. өт. Борпоң, чыйрак эмес, кайратсыз, жумшак.
  9. Жүрөгү майсыз, мууну бош Жаманды эмне кыламын («Манас»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чакмакташ колу бош калды, / Сууруп алды кылычын, / Башын кесип алганы, / Жан талашып бадирек, / Колун серпип салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…тыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, / Кейпин … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кебин таштап кыз болуп, / Көлдү ойноп кечүүчү, / Мезгилинде Көкмончок, / Кеңколго келсе көлдү издеп, / Мурункудай бош эмес, / Жер кайнаган эл жүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →