ботом
- Чочуганда, таң калганда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Энеси турду үн кошуп, / «Эсит ботом өлдүң деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Эмне чыгым ботом?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Эмнеге ботом?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Э ботом, акчаны жаңкыга эмне бердиң!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сонун саптаган турбайбы, койчу ботом эркек эле экен, аял болсо ушундай сулуу саптамак беле?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →