босого
- Эшиктин каалгасы бекитилген жыгачы, каалганы кармап турган кашеги.
- Каалгага бекитилген эшиктин туташтырып турган астыңкы туура жыгачы, эшиктин кире бериш жери, иреге.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Босогонун түбүнө, / Айкөл шердин күмбөзгө, / Жаткырып койду баланы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кастык, шумдук, жалаалар, / Каршы алдынан табылар, / Арамдардын кылыгы, / Жүрөккө салды жалынды, / “Ишенгиче эриңе, / Босогоңо ишен, — деп, / Бирде көрсөң жыргалды, / Бирде турмуш кишен” – деп, / Каныкей айткан кеп калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Падышам Манас баатырдын, / Коргонунун дарбаза, / Коморулуп калыптыр, / А дүйнө кеткен Алмамбет, / Ошол оңдоп салыптыр, / Баш босого аштоосу, / Башка болуп калгандай, / Айаш Бакай, оңдодуң, / Килити чыкпай койгондо, / Келип өзүм оңдодум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кантип тынсын Калдуубет, / Уландарын кул кылбай, / Босого маңдай, бото көз, / Жубандарын күң кылбай, / Намысын кыздын кетирип, / Жер тиктетип кем кылбай, / Айап койбойт душмандар, / Аргымакты тер кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →