борчук
- Уркуюп учтары чыгып турган таш, арсак-терсек болуп турган аска таштар, уркуюп бөлүнүп чыгып турган уурчук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бала береги борчук ташка келгенде, колундагы кушун бир сагызганды көздөй шилтеп жиберди да, чылк күмүш менен жабдылган атын шарактатып, төмөн карай кирип кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түнөгөн жерибизден бир аз ары жүргөндөн кийин, бир бийик борчуктардын арасындагы калың ышкынга кезиктик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →