борум

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Кебете-келбет, тышкы көрүнүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таң атканча уктабай, / Камынып чыкты калдастап, / Аты чыккан көй кашка, / Ар боруму бир башка, / Он эки түрдүү жарак бар, / Баатырларда бир башта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үч борум чатыр тиктирип, / Эч кишиге билгизбей, / Шыпшайдардан шекинип, / Алмамбет жаткан бекинип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ушул кезде Семетей, / Борумун байкап карасаң, / Көзү кара көмүрдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бир далай кыз аз болуп, / Борумун байкап карасаң, / Келгени келген каз болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →