боо1

китептерде 150 жолу, 9 китепте боо 2 →
  1. Бир нерсени байлоого, таңууга, байлап бекитүүгө керектелген жип, тасма жана башка нерсе.
  2. Эгиндин, чөптүн ж.б. бир байламы, бир таңгагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…рматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону тактырды, / Балбандар алып жактырды, / Колумсага салдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат менен койуп жарышып, / Этектен түрө кармашып, / Бастырбай жолун торошуп, / Үзөңгү боодон өткөрүп, / Ээр кашына орошуп, / Аттары тартпай шалактап, / Үстүндөгү ээлери, / Тилдери карыш салаңдап, / Чаңкаганда акактап, / Кайышып тартып чиренип, / Буудан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кулагынан алды эле, / Үзөңгү боого бек басып, / Нескара менен Бакайдын, / Ортосуна алып барып: / “Мынаке, баатыр башы” — деп, / Олжону ата алгын, — деп, / Таштап кетип калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →