болк
- Чочуганда, күтпөгөн жерден бир нерсеге кабылганда ж. б. жүрөктүн катуу козголо түшкөн абалын, солк эте түшкөн абалды билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кантесиң өйдө болгуң,-деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атканда дүйнө солк этти, / Майдандагы элдердин, / Жүрөктөрү болк этти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…де дүрмөт-огу бар, / Милтеде кызыл чогу бар, / Милтесинен чок жетти, / Атылып мылтык ок кетти, / Шоркөлдүн ичи сок этти, / Тактасында Тапан хан, / Жүрөгү ыргып болк этти, / Асман тиреп дүрүлдөп, / Күйгөн жалын жок болду, / Сыйкырланган көпчүлүк, / Көздөрү көрүп жаркырап, / Кулактары шаркырап, / Тилдери сүйлөп бабырап, / Се…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп, / Боконо сөөгү болк этип: / — Сурадың, балам сен менден, / Жашырбаймын мен сенден, / Кекери кетпей энеңдин, / Ушул үйгө келгенден, / Күмүшбулак, Түзкерүү, / Бүткүл аркар жергеси, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мына ушуну укканда, / Калдайдын уулу капырдын, / Калк башкарган баатырдын, / Боконо сөөгү болк этип, / Ыргып кете жаздады, / Үзүлүп жүрөк болк этип: / “Э, капырай, Нескара, / Кечээ, Көкөтөйдүн ашында, / Көкжал төрө Манасты, / Алты хандын элинен, / Алты сапар көрдүм — деп, / Айттың эле ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →