бол
- Кандайдыр бир жайда орун алуу, белгилүү бир жерде жүрүү.
- Кандайдыр бир окуянын, иштин аяктагандыгын, бүтө тургандыгын, иш жүзүнө ашкандыгын ж.б. абалын билдирүүдө колдонулат.
- Атооч сөздөр менен айкашып, ал-абалдын кандай экендигин, чен-өлчөмдү, кандай иште, кызматта иштегендигин, жөн-жайды, шартты ж.б. белгилеп көрсөтүүдө колдонулат.
- Бир нерсенин ичинде, топтун арасында бар экендигин, кандайдыр бир нерсенин составына катыша тургандыгын билдирүүдө колдонулат.
- Бир иштин тез, ылдам бүтүшүнө чакыруу, шаштыруу.
- Чакчыл формасында жардамчы этиштер менен айкашканда кыймыл-аракеттин тез, чукул болгондугун билдирет.
- болду формасында туруп, чектөө, тыюу салуу, «жетет, жетишет» деген маанилерде колдонулат.
- болбогон формасында туруп «керексиз, жарабаган» деген маанилерде колдонулат.
- Макулдук, туура көргөндүктү, же терс формада туруп, макул эместикти, эп көрбөгөндүктү билдирүүдө колдонулат.
- Жардамчы этиштик милдет аткарат.
- Чакчыл боло формасында туруп жардамчы этиштик милдет аткарганда өтүнүү, тилөө маанисин берет.
- болсо формасында туруп байламталык милдет аткарат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мас болуп Көкчө жыгылды, / Баатыр Алмаң не кылды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сары майга бышырылган каттама болсо!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →