бок
- Адамдын, айбандын ичинен иштелип чыккан керексиз зат, заң.
- өт. Металлдарды эриткенде пайда болгон ар түрдүү аралашмасы бар калдык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карап туруп Кыйарды, / Жамандыгы көрүнсө, / Кошо өлсөм экен, деп, / Өлүм жактын камын жеп: / “Көзүм тирүү турганда, / Караанын көрүп турайын, / Боло албай кетип баратса, / Жамандыгын көргүнчө, / Мурун көзүм жумайын, / Бок дүйнөгө байланып, / Жарыкка кантип турайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Кеткен экен саруулап, / Энелерден үмүт жок, / Күч келиптир ат минген, / Ушундай экен дүйнө бок, / Балдарын сак алалы, / Бул экөөнө айла жок,- / Каныкей айтып тап таамай, / Толгоону мыктап келтирчү, / Дарыдан берди айабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атаңдын көрү дүйнө бок, / Куп турган колум жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →