бойлуу

китептерде 68 жолу, 9 китепте
  1. Бою узун.
  2. Орто, чарчы, кыска ж. б. менен айкашып, бойду белгилөө үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырыскан минтип сурады, / Жаны чыгып корккондон, / Жедигер чыдап турабы, / Баш аламан баарысы, / Жарыша койуп чуулдады, / Орто бойлуу, орто жаш, / Жылбырскасы кишинин, / Кара Чекир бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коркконуң карап тургун, — деп, / Коржоңдогон Дабытай, / Кара бойу мунардай, / Колу-буту чынардай, / Узун бойлуу кең далы, / Эмикинин балбаны, / Өтө сулуу кызталак, / Меңсиз бети апаппак, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Баатырлык сыны таанылат, / Сары кирпик, жалтыр көз, / Шы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Орто бойлуу болтогой, / Бети дулук томтогой, / Бул бадырек сүрөтү, / Түк адамга окшобой, / Мурду кечкил чокмогой, / Далысы кең, кууш айак, / Чокмор ооз, кир кабак, / Жалпак маңдай бир кулак, / Кулагындай эшектин, / Маңдайда турат салбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Залкар тоодой Куйалы, / Желжетпес менен аттанды, / Орто бойлуу кыз экен, / Башы баатыр эрендик, / Айагы ийне бүчүлүк, / Баарысына уз экен, / Эл турушат жарданып, / Желжетпес менен Куйалы, / Эркин өскөн аскада, / Карагайдай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →