бой
- Адамдын, айбандардын денесинин тике турган абалдагы бийиктиги.
- Бир нерсенин тикесинен эсептегендеги узундугу.
- Адамдын жалгыз өзү; өзүнүн керт башы, жалгыз, үй-бүлөсү жок.
- Көлдүн, суунун, жолдун ж. б. жээги, жаны.
- жанд. м. Атооч жөндөмөдөгү атооч сөздөрдү жандап мезгил өлчөмүн, чегин билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Аны менен жүрүп олтуруп, кан дагы бир үйгө келсе, ал үйдө бир кемпир бойго жеткен баласы экөө олтуруптур.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →