боз1
- Ак менен караны аралаштырганда пайда болгон, ачык эмес чаңгыл түс, бозомук агыш түс.
- Ак же агыш түс (жылкыга карата).
- Мунарык.
- Чөп өспөгөн талаа.
- Бой тартып өсүп эр жетип калган жаштардын курагын, бозойлук куракты билдирүүдө колдонулат; Кыз-келин менен өң боз бала көлдүн кылаасына чыгышты, (Сыдыкбеков).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шаңкайдын эли шалдайып, / Үпөндүктөн ажырап, / Боз ала болуп олтурса, / Баарыдан жаман иш турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз — деп күүлөнөт бир кур боз балдар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →