бозунач
- диал. Чай ордуна колдонулуучу чөп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпкө оорунун дарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркар оту, бозунач, / Мамыры менен шыралжын, / Дары чөптүн баары бар, / Жыттаса жыты буркурап, / Кайнатып ичсе желди айдап, / Кара мурчу жана бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жер пийаз, согон жыттанып, / Көк чечекей, гүлепше, / Күндү карап ыктанып, / Аркар оту, бозунач, / Сасыгансып жыттанып, / Жапа жай менен мамыры, / Жыты адамды аңсатып, / Уй шилекей мөлтүлдөп, / Оозуна салсаң бал татып, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрүктөнүп чалкайып, / Алатоо турду көрүнүп, / Асман тиреп заңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →