бозо
- Таруу, буудай, жүгөрү сыяктуу эгиндердин шагынан кайнатылып, угут кошуп ачытылган жана жылуу суу куюп сүзүлгөн, бир аз кызытуучу күчү бар ачкыл тамак, ичимдик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карылары бир жерде, / Жаштары чогуу ар жерде, / Кыз-келиндер бир бөлөк, / Ак чөөлүм, көлбука, / Теке тырмыш бир жакта, / Ордосун атып дүркүрөп, / Бозосун ичип күркүрөп, / Чын курандын айында, / Байге бөлүп, кунан чаап, / Баш бошобой жайында, / Күндө ойун-тамаша, / Ак калпак кыргыз айлында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жайдын күнү болгондо, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымыз ичип, шерне жеп, / Кыштын күнү болгондо, / Кырк-элүүдөн чогулуп, / Бозо кайда, жарма деп, / Самоор кайнап ар жерде, / Сары канты чачылып, / Эртеден кечке жыйналбай, / Дасторкону жайылып, / Балдары майга карабай, / Катындар каймак ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…а бышкан нан койду, / Кашыктары күмүштөн, / Куурдак менен чай койду, / Эзген курут аралаш, / Томоруп сары май койду, / Аңкагандар жутсун, деп, / Токтотуп койду бозону, / Кымыздан тарткан арактан, / Болушунча аны ичип, / Бата-дуба кылганда, / Дасторконун жыйганча, / Анан Кошой муну айтат: / Кана, балам Ажыбай, / Алда эмне иши…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өткүр Манас тукуму, / Ак болоттун укулу, / Арак менен бозону, / Аралата ашаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →