бирок
- Айтылуучу ойдогу карама-каршылыкты, бири-бирине туура келбегендикти же айтылуучу ойго чек койгондукту билдирип, айрым жөнөкөй сүйлөмдөрдү тутумдаштырууда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайырдынын кырына, / Чыгып келип Алмамбет, / Айтып турган кеби ушул: / — Акбалта уулу Чубаксың, / Айткан кепти угаарсың, / Шыпшайдар адам баласы, / Бирок шайтандан ашкан айласы, / Алып жүргөн заңгиси, / Алтымыштан санаты, / Ашпайт, андан кемибейт, / Өмүрлүк мунун адаты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей менен Гүлүскө, / Кеп-кеңешин салганы, / А бирок, Куйалыга барам деп, / Андай кепти кылбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →