бирик
- Бирге болуу, баш кошуу, чогуу болуу.
- Уюшуу, уюмдашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза кармап салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Биригишип “беш жаман”, / Коркутуп кирген түш жаман, / Короодо турса көп душман, / Жалгыз кара бир башын, / Сан миң колго баалаган, / Сайышып турса жаш балбан, / Не кыларын биле албай, / Медеркан башы айланган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жандан тойбой, Чойун алп, / Көп акылды ойлойлу, / Тажик, калмак биригип, / Кыргыздан калып жеңилип, / Калганга таба болбойлу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кааладым, келдим диниңди, / Хан Манас экөөң бирикчи, / Кагамын деген жиниңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Мен чын сырымды айтайын, Камыртайдын куйругунан биртал кылын алып, эки чыпалагымды бириктирип байласаңыз, менин күчүм ошондо, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →