бирге
- Кошо, чогуу, бирдикте.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Андан кала бергенде, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечилден, / Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ы качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — деди, / Аркасынан туйдурбай, / Аңтара сайып сал, — деди, / Он миң балбан бирге бар, / Туш- тушунан каман сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Капканын кара тоосунан, / Уйулгуп чаң созулду, / Учу бирге кошулду, / Алмамбет менен зор Чубак, / Ач жолборстой эр Сыргак, / Алдынан тосо барышты, / Абаң Бакай жол баштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк бар алдында, / Хан Сейитек, Гүлчоро, / Керменбай бар жанында, / Кирип чыгып Сетертай, / Бирге жүрөт Каргалдай, / Андан башка кишилер, / Артынан басып бара албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →