бир
- 1 саны, эсеби.
- Атооч сөздөр менен айкалышта айтылып, ага «кимдир», «кандайдыр» деген сыяктуу так, айкын болбогон маани берүү иретинде колдонулат.
- Чогуу, бирге экендикти, белгилүү даражадагы биримдүүлүктү, бирдикти билдирүүдө колдонулат.
- Белгисиз ат атоочторду уюштурат.
- Аныктама ат атоочтордун татаал түрүн уюштурат.
- Мезгилди көрсөткөн тактоочторду уюштурат.
- Сын-сыпатты билдирген тактоочторго күчөтүү маанисин берет.
- Санөлчөмдү көрсөткөн тактоочторду уюштурат.
- Бөлүктү, убакыт өлчөмүн, ченемди көрсөткөн бир катар сөздөр менен айкалышып, түрлүүчө чоңдуктагы, көлөмдөгү ченди жана белгилүү бир убакыт өлчөмүн билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →