билек
- Чыканактан колдун башына чейинки аралыктагы мүчө, жилик.
- өт. Күч, эмгек.
- Сокбилек.
- Кээ бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, ышкындын түбүнөн чыккан жалбырагынын жалбырак ачылганга чейинки бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжа башка, билек бир, / Ушак айтпа аркадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Укмуштуу киши Медеркан, / Маңдайынан сылады, / Билектен тамыр кармады, / Балага тийген кеселди, / Башка кебин салбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Байлоодо туруп бакырып, / Билектерин түрүшүп, / Бирин бири качырып, / Карс дедире сүзүшүп, / Байлоодогу алтымыш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качкан пилди кармады, / Тордун учун байлады, / Сүйрөтүп алып кетсек, деп, / Аты менен Сыргакты, / Билектей камчы кезешип, / Пилди булар айдады, / Сүйрөтүп жөнөй бергиче, / Алмамбет келип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Белине кара курчанып, / Ээленип турат сур чалыш, / Камчы менен Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай түрүлүп, / Жер килити сөгүлүп, / Көргөндүн көө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →