бил2
- Кабардар болуу.
- Кандайдыр бир нерсе, иш, окуя ж.б. жөнүндө акыл-сезиминде баамдоо, ажырата алуу.
- Аңдоо, түшүнүү.
- Таануу.
- Туюу, сезүү.
- Башкаруу, бийлик кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жаңгырды карап алайып, / Алдыңкы ээрдин жаланып / — Береминби, бербеймин, / Өзүм билем мал-пулум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Сууга барып "шалп" эткенде гана өлөрүн билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →