бий2
- Музыканын ыргагына ылайык дене кыймылы аркылуу көркөм образдарды бере алган искусствонун бир түрү, элестүү, ыргактуу дене кыймылы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Туура бийде тууган жок, / Туугандуу бийде ыйман жок” / Бул макалды сага айттым, / Эртең эле келгенде, / Эсебин алчу мен бармын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ушул турган алтымыш, / Жыйырмаң бий, кыркың бай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыбайдын уулуна, / Катчылыкты бергени, / Падышалык алтын мөөр, / Керменбайга тийди эми, / Оболбек менен Сетертай, / Таласта эки бий деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Канаттуулардын калыс бийи элек, сөзүң эки болбосун, сенден семизмин, тамагың таза болсун, тумшугуңду сууга жууп, тазалап туруп, союп жегин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →