бий1

китептерде 130 жолу, 9 китепте бий 2 →
  1. Мансаптык наам – уруунун, аймактын, өзүнчө чоң топтун башкаруучусу, жетекчиси.
  2. Эл арасында калыстыгы менен белгилүү болгон кадырлуу адам.
  3. Атайын шайланып, топто доо, чыр-чатактарды чечүүдө калыстык кылуучу – бүтүм чыгаруучу адам.
  4. Уюшма тамакты, жорону, шернени, башкарып туруу үчүн катышуучулары тарабынан шайланып алынган адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Туура бийде тууган жок, / Туугандуу бийде ыйман жок” / Бул макалды сага айттым, / Эртең эле келгенде, / Эсебин алчу мен бармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ушул турган алтымыш, / Жыйырмаң бий, кыркың бай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажыбайдын уулуна, / Катчылыкты бергени, / Падышалык алтын мөөр, / Керменбайга тийди эми, / Оболбек менен Сетертай, / Таласта эки бий деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Канаттуулардын калыс бийи элек, сөзүң эки болбосун, сенден семизмин, тамагың таза болсун, тумшугуңду сууга жууп, тазалап туруп, союп жегин, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →