беш
- 5 саны, эсеби.
- Баа коюу системасындагы эң жогорку балл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Белдүү болсо балбаның, / Болгун, бачым чыгаргын, / Кененимдин кебине, / Кеп табалбай Дабытай, / Жөө күрөшчү он бештин, / Мойнунан кынжы алганы, / Бирден барбай он беши, / Жабылып жөнөп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкейден кеп кетип, / Тепелең деген бир келин, / Чуркаган бойдон ал жетип, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындан ары жүрүп олтурсаңыз, жолдо бир жагында көп киши, бир жагында беш киши эки тарап болуп согушуп жатканын көрөсүз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →