бет
- Баштын ооз, мурун, көз жайгашкан маңдайкы бөлүгү, адамдын жүзү.
- Адамдын жүзүнүн көздөн төмөнкү, эки жаактын ортосундагы бөлүгү.
- Мейкиндиктин үстү, үстүнкү жайык жагы.
- Бир нерсенин бир тарап жагы, капталы (мисалы, тоонун).
- Жазы же жайылган нерсенин үстүнкү тарабы.
- Китеп, журнал ж. б. ар бир барактарынын эки жаккы тарабы.
- Уят, абийир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…теп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай учуп зыркырап, / Кагнаттуудай дыркырап, / Беттеп с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кагазды кармап бетине, / Атынан айра келгенде, / Тазбайматтын бир киши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалпак таштын бетине, / Жалындуу отту жагыңар, / Сөөгү менен эттерин, / Жалпы баарын салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →