берч
- Тери менен эттин ортосуна пайда болгон катуу шишик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Карала атчан Калыбек, / Кан ичме чочко кара нээт, / Майданга чыкты желденип: / — Боронбай менен Кененим, / Эми кайра келбейт, — деп, / Боронбай оңой жан эмес, / Кененимди аздырып, / Жер алдына түшүрбөй, / Койо берчүү ал эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңурбай, Жолой, Нескара, / Борончу, Уушаң, Мурадил – / Алты чочко чогулуп, / Кеңеш кылган кеп экен, / Бардыгына эп экен: / “Элге берчүү эттерин, / Эртең талап алалы, / Кыйык таап ал жерден, / Чогулган айыл көп экен, / Өрүшү толгон эл экен, / Чаап кетип калалы, / Алыша чыккан эр болсо, / Коондой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыргызга берчүү тартууну, / Тирүү калган эл берет, / Санаты үч миң нар болсун, / Теңдегени үстүнө, / Экиден жагдан бар болсун, / Ком жыгачы сары жез, / Арканы жибек кенептен, / Бар жарагы шай болсун, / Жагданы куру болбойт го, / Ичи толгон зар болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →