бери1
- Берки тарап, белгилүү бир чектин берки жагы.
- Берки тарапты карай, сүйлөп жаткан тарапка жакын.
- Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен атоочтуктарды жандап, белгилүү бир мезгилден кийинки учурду билдирет.
- Мейкиндик маанидеги зат атоочтор менен айкалышып, орунду билдирет.
- Зат атоочтор менен айкашканда мейкиндик, мезгилдик маанидеги эмес, буткүл, бүт бардыгы дегенди билдирет.
- Белгилүү бир чектөөнү, чекти билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак – эки шер, / Акылман Бакай кеменгер, / Арстандан бери карата, / Айтылып келген кеп эле, / Алмамбет, Манас, Чубактын, / Оорагы окшош тең эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Осы алты айдан бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →