белдүү
- Күчтүү, кубаттуу.
- Кадыр-барктуу, беделдүү, жөлөк-таяныч боло турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара мүртөс неменин, / Кара көздөн жаш чыгат, / Дагы кирди ал Отор, / Минген атын камчылап, / Беттешип Отор жеткенде, / Периштенин үнүндөй, / Бек ачуу үнү жетти эле, / Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, / Үн угузуп өттү эле, / Күлүстөн үнүн угабы, / Күлүстөн үнүн укканда, / Көмөрүлбөй турабы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Таланадан айрылдым, / Белдүүдөн калбай баары өлүп, / Канатып сынып кайрылып, / Калмактан тартуу алганда, / Акылымдан айныдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Белдүүсү төртөө көрүнөт, / Белсенип жоого кирери, / Кырктан ашык көрүнбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Береги Талас турмайлык, / Бейжинде белдүү Коңурбай, / Элчилешип келгенде, / Ошону билген зор Бакай, / Бакайга билги бергенге, / Эми болду көөнүм жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →