бел
- Дененин жамбашка жакын ичкерээк тартып кеткен арка жак бөлүгү, арканын жамбашка жакын бөлүгү.
- Айым өйдө болуп, уюган белин кайкалатат («Ала-Тоо»).
- Бир нерсенин орто чени, орто бөлүгү.
- өт. Жөлөк, таяныч, тирек.
- Тоо кыркаларынын ашып өтүүгө ылайык келген жону, кайкыраак жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурун сенин белиңе, / Оролгон экен сур жылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул сөз мага бир аз бел боло түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →