беки
- Бек болуу, бекемденүү.
- Бир тыянакка келүү, бүтүм чыгаруу.
- Ыйгарылуу, дайындалуу, таандык болуу.
- Жабылган, кулпуланган абалда болуу.
- Жашырынуу.
- Тосулуп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чогуу туруп үч урук, / Чокчоңдодук урушуп, / Соот-тонду жыртышып, / Найзанын учун түйрүлтүп, / Балтанын сыртын баткалап, / Кылычтын мизин кетилтип, / Ат олоңун бекитип, / Айанбай салдык урушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон жагы бекиди, / Кишиси жок барарга, / Дабытай калды ойлонуп, / Индистан көздөй качарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…еп, / Бүлбүлдөнүп көрүнбөй, / Бүдөмүк чалып калат, деп, / Ал күнү жазып кургатып, / Айкөлдүн алтын чоң мөөрүн, / Айагына бек басып, / Тубардан калта жасатып, / Бекитип оозун чаптатып, / Эртең менен болгондо, / Желеге кулун толгондо, / Ажыбайды аткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки, мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →