бекен

китептерде 304 жолу, 10 китепте
  1. Суроо маанисинде колдонулат.
  2. Ырастоо, болжолдоо маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мынча күндүн алдында, / Казынага мен барсам, / Жыйып койгон текчеден, / Чачылыптыр маталар, / Жыйнайын деп карасам, / Нурфану деп аты бар, / Алда кандай заман деп, / Келер бекен аман деп, / Мен жүргөнмүн кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Келген экен Ажым, — деп, / Койо элек отко экен, / Сууду бекен деги? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →