бекем

китептерде 93 жолу, 10 китепте
  1. Бек, туруктуу.
  2. такт. Катуу, бек абалда.
  3. Катуу, көтөрүңкү үндө.
  4. Бекилген, ачкыч менен бекитилген же катуу жабылган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…онулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пейли бузук Көзкаман, / Бекем белин байлады, / Каныкей келип кеткенде, / Эл уктаган кездерде, / Күндү катуу жайлады, / Минели десе тулпардан, / Бирди да кармай албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таласка кбар кылайын, / Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, / Амалын мунун кылар, — деп, / Каныкей, Бакай угаар, — деп, / Кандайда болсо түйүнүн, / Карылар чечип чыгаар, — деп, / Шер Сейтек келер, — деп, / Баласын көрсө абакем, / Кетпей калар бекем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бекем байла белиңди, / Бышык кылгын кебиңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →