безе2

китептерде 19 жолу, 8 китепте безе 1 →
  1. Жумуртканын агы менен шекерден даярдалган жеңил пироженое же торт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир кезекте кара көк, / Кара бойун безеди, / Канкор Манас баатырдын, / Арбагын бүгүн эстеди: / “Түп атам Манас сен болуп, / Семетей атам эр болуп, / Сейтек өткөн шер болуп, / Кененим өттү дүйнөдөн, / Периште менен тең болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
– / Алтын саптуу айбалта, / Алдында тубар жан калта, / Кабылан жазган кагазды, / Капчыктан сууруп алды эле, / Безетин жыртпай кош колдоп, / Ажыкең суна калды эле, / Катка көзүн салды эле, / Айагына чыкканда, / Бармагын тиштеп баш чайкап, / Бир далай туруп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көпөлөк учуп, гүл жайнап, / Булбул сайрап, тил безеп, / Жан-жаныбар кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…лебей буттун сынганын, / “Эми сайып бурутту, / Жылмалап муну тынайын” / Ээрдин кесе тиштенип, / От жанып көздөн күчөнүп, / Заарын салып кезенип, / Күүлөп найза безенип, / (Бул белгиси келгенде, / Бекер өлүм табылчу, / Жалгыз менмин дегенге) / Найзанын учу жетээрде, / Томкоро сайып кетерде, / Алдыртадан Сомбилек, / Чокмор мене… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошо мүнөт талааны безеп турган таасирдүү бийик үнүндө бир түрдүү сыр бардай. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →