баштагыдай

китептерде 15 жолу, 8 китепте
  1. Мурункудай, мурдагыдай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап турса хан Калдык, / Кызыл желек туу алып, / Аттанып чыкты Кетиркей, / Баштагыдай шалдайбай, / Шаттанып чыкты Кетиркей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Көрсөтөт бүгүн Чигитей, / Баштагыдай адатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алып калсам Калчаны, / Аламан койуп чуу тартып, / Аскеринин артынан, / Баштагыдай күч алып, / Аралап кирип барбаңар, / Аккан дайра сел болсо, / Адамсыз жапан чөл болсо, / Көкбука менен Жетилбай, / Айлана курчап тосуңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шур-шур тартып жыт алып, / Семетей жыты келгенде, / Баштагыдай күч алып, / Бөкчөйгөн бели түзөлүп: / — Мени алып баргыла, / Кайда экендир тапкыла, / Каныкейди көрөлүк, / Таап алып Канышты, / Айкөлүмдүн күмбөзүн, / Анан барып көрөлүк, / Айчүрөк кана, көргөзгүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бирок чанда бир болбосо, элдин көбү бирдемеге алагды болуп тургандай, апийимден бөлөк жумушка баштагыдай баспайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →