баш

китептерде 4109 жолу, 10 китепте
  1. Адамдың, жалпы эле жаныбарлардын көз, мурун, ооз, кулак, мээ орношкон дене мүчөсү.
  2. Адамдын же айбандын өзү.
  3. Белгилүү бир бирдик, бир бүтүн катарында алынган эсеп саны.
  4. Бир нерсенин алгачкы чыккан жери, жогорку жагы, башталышы.
  5. Дан эгиндердин дан берүүчү бөлүгү.
  6. Кээ бир өсүмдүктөрдүн тоголоктонуп чыккан желе турган бөлүгү, түбү.
  7. Жалпы эле өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын эң жогорку жагы, учу. Кыштактын эли кандайдыр бир сары гүлдүү чөптүн кургатылган баштарын укалап чайнекке салып демдешет (Абдукаримов).
  8. Чоку, төбө, бир нерсенин жогорку, үстүнкү бөлүгү.
  9. Тескөөчү, башкаруучу, башчы.
  10. Болуп жаткан иштин, окуянын ж.б. дал үстү, өзү, жаны.
  11. Мыкты, тандамал, башкалардан жогору, биринчи.
  12. Ойдо жаткан таш элең Орокчунун башы элең (Тоголок Молдо).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сур тайды ага бергениң – / Падышалык тагыңды, / Башында белги бергениң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Төлгө кылып Каныкей, / Дөө Кошойдун Тайтору / Чапканынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →