бачым

китептерде 81 жолу, 7 китепте
  1. Бат, тез, ылдам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перилерге Бекбача: / — Бириң бачым бар, — деди, / Не кылды экен Нурзатты, / Андан кабар ал, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Белдүү болсо балбаның, / Болгун, бачым чыгаргын, / Кененимдин кебине, / Кеп табалбай Дабытай, / Жөө күрөшчү он бештин, / Мойнунан кынжы алганы, / Бирден барбай он беши, / Жабылып жөнөп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Олтурарга жай таппай, / Жээрине нан таппай, / Ачкалыктан кырылсын, / Азык-түлүк, мал-мүлкүн, / Ажыратып алыңар, / Акыр-такыр заманды, / Башына бачым салыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Токойду бачым бар, деди, / Коргонго кабар сал, деди, / Семетей келди деп айтып, / Айкөл шердин күмбөзгө, / Баштап келе кал, деди, / Токойго кабар салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бачымыраак барып кел, / Ар кайда жүрбөй чор болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →