бат4

китептерде 373 жолу, 10 китепте бат 1 →бат 2 →бат 3 →
  1. Бир нерсенин ичине сыюу, ичинен орун алуу, толуу.
  2. Матырыла кирип кетүү, сайылуу.
  3. Горизонттун арка жагына өтүү, асмандан көрүнбөй калуу (күнгө, айга, жылдыздарга карата).
  4. Тайманбоо, кайрат көрсөтүү, даай алуу.
  5. өт. Бөлөнүү, чөмүлүү.
  6. Малынуу, дуушар болуу.
  7. өт. Өз кишидей алынуу, четтеп калбоо, баш калка таап калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кудуска барсам батырбайт, / Бир күнү менижашырбайт, / Багдатка барсам батпасам, / Мисирге кирсем кондурбайт, / Дегеле мени оңдурбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…убайдын Кара дөө, / Карсылдашып көрдү, де, / Ар канча кылса кайратты, / Тоготпой аны койду, де, / Чапса кылыч кеспеген, / Сайса найза тешпеген, / Балтанын мизи батпаган, / Чокмордун күчү жетпеген, / Денеси бекем таштан, де. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →