батуу1
- Ой, ой жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эпчи жакта Тазбаймат, / Казан асып жатуучу, / Ошончонун баарысы, / Жай-жай менен батуучу, / Жыйын кылган мезгилде, / Жети жүз адам батуучу, / Ырасын айтсам учурбай, / Үй чоңдугу ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Манастын, / Коргонунун алдында, / Эки чынар бар деген, / Абалап көккө жетүүчү, / Сайасына миң киши, / Ат-тону менен батуучу, / Жылууда жыйын болгондо, / Ошол жерге ачуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кире берсе батуу бар, / Чыга калмак кош кашат, / Аттан түшүп Айчүрөк: / “Кайнатамдын арбагы, / Карылардын калганы – / Баары турат жардашып, / Аттуу кантип барам” деп, / Камчысын салып мойнуна, / Чылбырын кармап колуна, / Жөөлөп жөнөп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кызылда хандын өзү бар, / Калкка айтчу сөзү бар, / Агында Чүрөк жатуучу, / Кыркы келин кыркы кыз, / Сексен киши жолдошу, / Тамашага батуучу, / Жалаң кыздан жалчысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →