баткак
- Ылай, балчык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баткактай болуп жуурулган, / Кыргында аккан кан кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дүрбүнү катып койнуна, / Аккелте алып колуна, / Алмамбет кеби ойунда, / Бүткөн бойун жашырып, / Келтени таштан ашырып, / Жыдыманы жылтырак, / Баткак чаптап бастырып, / Мелтиреп мелжеп тиктеди, / Окчун турган беш киши, / Жыдыманга түшкөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара топо, баткак суу, / Оонатып алсаң, сууту ошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →