бата

китептерде 302 жолу, 10 китепте
  1. Курандын бет ачар биринчи сүрөөсү.
  2. Кандайдыр бир иштин башталышына, аякталышына байланыштуу же жалпы эле ак жол айтуу максатында алаканын жая жакшы тилегин билдирүү расмиси.
  3. Дүйнөдөн кайткан адамга арнап, же үйүнө барып куран окуу.
  4. Актилек, алкыш, жакшылык каалоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Индистан барсам батамбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп шаңдана, / Кол көтөрдү Абдылда, / Бай Жакып баштап карысы, / Бата кылды баарысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Билип баатыр, иш кылсаң, / Кубанычка батамын, / Билбей кокус иш кылсаң, / Билбедим деп айтпаймын, / Бар билгини сен алгын, / Сейитек болсун каралдың, / Жайын айтып угузгун,, / Канчоро деген айбандын, / Атасы Чубак шер экен, / Атам менен тең экен, / Сен экөөбүз кептенип, / Бирге өскөн кеп экен... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →