басык
- Аттын же башка минилүүчү малдын баскан жүрүшү.
- Кадамдай баскан жүрүш.
- өт. Жүрүш-туруш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзалары сүлкүлдөп, / Эми кандай болор, деп, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Чогоолдору чокчоңдоп, / Кодоолору кортоңдоп, / Өтө семиз немеси, / Ээрге батпай көчүгү, / Оодарылып бултулдап, / Жорго басык аттуусу, / Келатышат кылтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тоого айтканы дагы бар, / Орто жериң ор болуп / Эки четиң көл болуп, / Сымаптай болуп жылтылдап, / Кирген күнү кылкылдап, / Кыз күлгөндөй шыңкылдап, / Жорго басык жылкыдай, / Ар бууланып кылтылдап, / Эми агар чагың, деп, / Сууга айтканы дагы бар, / Өрөөнүң токой чер болуп, / Өзөнүң менен жел согуп, / Өйүз-бүйүз адырга, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аккула айбан көркү экен, / Асемдүү кулак дардайып, / Аккуланы карасаң, / Айбандан башка арышы, / Ат чапсаң жеткис басыгы, / Анын жок тура жазыгы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Чачыкей карганда, / Каргышын ага арнады, / Карап туруп калганы, / Кой каргышы бөрүгө, / Катын каргышы эрине, / Жетпейт деп эл айткандай, / Эр Семетей баатырың, / Тайбуурул менен дуу койуп, / Шайбырына төндүрүп, / Басыгына көндүрүп, / Жүрүп кетти балкылдап, / Нары жакты карай шалкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— деп аттын сыдыра басыгы менен акырын гана зыңкылдап өтүп баратат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →