баста

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Басаңдоо, акырындоо, тартылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Четинен кармап баланын, / Оозуна алып барганы, / Башын ылдый каратса, / Куйулуп майы акканы, / Ооз толгунча козголбой, / Ооруган бала жатканы, / Аниткен менен баланын, / Онтогону бастады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас арстаным, / Өрдөктү өзүң атпагын, / Бастап кетет оорагың, / Сыйкыры ушул бетбактын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ырчы уул менен Бозуул, / Айбаадан коркуп бастады, / Айбат кылып тура албай, / Катарлашып качканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кетилди бүгүн туйагым, / Кетип турат сыйагым, / Бузулуп калды чарбагым, / Баштакыдан бул кезде, / Бастап турат арбагым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ботосу өлгөн ингендей, / Бакайды кошо какшатып, / Арбагын элден бастатып, / Жол кайтартып чеп кылып, / Манасты билген Бакай, деп, / Абыке, Көбөш кек кылып, / Чыйырды, Бакай, Каныкей, / Көргүлүктү көрүптүр, / Көлдөтүп жашын төгүптүр, / Иттердин кылган ишине, / Амалы канча, көнүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →