басса-турса

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Дайыма, ар дайым, такай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Улугум Отор эр менен, / Олтурса бирге олтурам, / Басса-турса бир турам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чоң Ополдун бойунда, / Кайберенди түгөтүп, / Адыр, сайда жандар жок, / Бүркүттүн алы келгендей, / Мыдырар жандар калбаптыр, / Канча жылы салыптыр, / Олуйа чалда арман жок, / Келгенин айтса Кененим, / Кебине кулак салган жок, / Жаткан жерде бир жатты, / Копкон жерде бир копту, / Басса-турса бир болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көөдөк Чубак эр эле, / Басса-турса бир болуп, / Манас менен тең эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле "арман ай" деп жүрчү экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →