барч
- Күңүрт туюк барт-барт чыккан дабышты, көбүнчө чыктуу нерселерди кырчакырча чайноодон, ургулап майдалап жанчуудан, бөлүүдөн чыккандагыдай дабышты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл көчүп барчуу жайлоого, / Кеңири жери мында жок, / Күзүндө барчуу кыштоого, / Деги маалы болгон жок, / Эмне үчүн ак чыйыр, / Кандай болуп калды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп айтып сөзүн так кылып, / Билгичтерге тапшырып, / Аскер жыйды билгичтер, / Эл аралап бастырып, / Аскерге барчуу жигиттин, / Атын катка жаздырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ага барчуу кишиң ким, / Анын барын ким табат?..
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тетиги, кайнап жаткан калың кол, / Кабар айтып барчуң, ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тулпарларын туйлатты, / Сынчыларга сындатты, / Ээр токумун, кийимин, / Окшош кылып ылгатты, / Алтындан кылган кемерди, / Көз уйалта курчатты, / Тандалган кырк үч жигитти, / Чар тарапка атказды, / Барчуу элге кат жазды: / “Келер жылы текеде, / Тойго келгин” –деп жазды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →